super.kg logo

Инспектордун огунан каза тапкан айдоочунун өлүмүн териштирүүнү Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алды

 

Бишкектеги мечиттердин биринин жанында инспектордун кокусунан атып алган огунан улам каза болгон айдоочунун окуясы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык күнөөлүүлөр жоопко тартылат дешти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекемеден билдиргендей, инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалды.

"27-августта саат 20:40 чамасында Жибек-Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн кайгуул милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Тойота РАВ-4 унаасын токтотушкан. Айдоочу А.Ч. менен инспектор Ж.Днын ортосунда жаңжал чыккан. Кайгуул кызматкери кызматтык ок атуучу куралын айдоочуга карата колдонгон. Алган жаракатынан улам айдоочу ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты боюнча Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан 321-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш катталып, тергөө иштери УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгына тапшырылды.

Чогултулган далилдердин негизинде ошол эле күнү инспектор Ж.Д. жогорудагы кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталды. Жогорудагы кылмыш иштери Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө. Коомдук резонансты эске алуу менен УКМК бул кылмыш иштеринин иликтөөсүнүн жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу маалымат берип турат", - дешти маалымат кызматынан.

Маалымат үчүн:

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.

Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.

Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
28.08.2021. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камалсын 15 жылга
28.08.2021. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Милициянын кадыр баркын талкалоо максатында кээ бир ММКлар атайлап бир жактуу милицияны жамандап жатышат. Милиция жон жерден бироону атып салбайт. Минтип милицияны жаман атуу көргөзө берсеңер, анда эртең биздеги коомдук тартиптипти коншу мамлекеттер келип коргобойт. Кое бериш керек милицияны. АКШда милициялар дароо тапанчаны которуп чыгарышат, кичине эле каршылык коргозон дароо атат. Бизде милициялар оздору коркок.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-28 21:19:39
28.08.2021. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ayzhan12,ошо сени атып салса жакшы болмок
29.08.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzhan12,чокун!!! Писихбольницадан качып чыккан чымкоргонтэмесинби
28.08.2021. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Милицияны кое бериш керек. Объективдуу изилдениш керек бул иш. Бир эле милицияны кунолуу дей берген болбойт. Бул окуя милиция иш убагында болуп жатат. Демек милицияны камабай кайсыл себеп менен ок атканын текшеруу керек.
28.08.2021. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
ayzhan12,++±+ инспектор жон эле кетип аткан жараанды ойноп аткан жок. Азыр бизде ГАИ менен айтышып ойногонду хайп кылып алышкан. Зээриккени камерасын которуп милицияга тийише беришет.
29.08.2021. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mirnar,оз ишин жакшы билсе мындай болбойт
28.08.2021. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртен адамдар, Милицияга баш ийбей калбаса эле, эмне кылып аласын атып саласынбы деп
29.08.2021. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Милиция кантип атканын видеодон кордунорбу?Биринчи колун кайрып,машинага тыгыш керек болчу.Ал жерде торт милиция турат.Эгер каршылык кылса,кошумча куч чакырат.Эгер куралдуу каршылык кылса асаманга атат.Акыры айла жок болгондо,анда да бутуна атат.Бул жерде милиция сразу эле ичине атып жатат.Жогорула коргоп жазгандар кичине мээнерди иштеткилечи.
29.08.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mister-XXX, туура
29.08.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mister-XXX, абсолютно верно.
29.08.2021. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуу жаза берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: