super.kg logo

"Өзгөчө оор кылмышты жашырганга шектелүүдө". Инспектордун огунан каза болгон жарандын өлүмүнө байланыштуу 3 кайгуул кызматкери кармалды

 

Бишкектеги мечиттердин биринин жанында инспектордун огунан каза болгон жарандын өлүмүнө байланыштуу кайгуул милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан бүгүн, 29-августта кабарлашты.

"УКМК А.Ч. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда Бишкек ШИИББинин кайгуул милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.Аны кармады. Алар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө", - дешти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Окуя 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алган. Айдоочу алган жаракатынан улам көз жумган.

Аталган окуя 321-берененин бөлүктөрү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ошол эле жосун", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен", "кокусунан ден соолукка оор зыян келтирүү менен") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяны тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт.

Интернетке инспектордун тапанчасын алып чыккан видеосу жарыяланды. Кийинчерээк маркумдун достору УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган кайрылуусун интернетке жарыялашты. Андан көп өтпөй маркумдун келинчеги делинген айымдын видеокайрылуусу тарады.

Бишкек ШИИББи инспектордун алгачкы көрсөтмөсү видеого жазылып калган учур менен окшошпой турганын, кылмышты жаап-жашыруунун белгилери жок экенин жана башка нуктагы маалымат берүү ниети жок экенин баса белгиледи.

Кийинчерээк инспектор киши өлтүрүү фактысы боюнча кармалып, ага карата "баш калкалоо", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "адам өлтүрүү" фактылары боюнча кошумча сотко чейинки 3 өндүрүш иши катталганын, тергөөнүн жүрүшүн Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын УКМКдан кабарлашты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(9)
29.08.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Дагы жакшы камерага түшүп калган экен. Болбосо шордуу өлгөн адамды күнөөлүү кылып коюшмак. Мына красныйлардын кыял жоруктары
29.08.2021. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тигилерде эмне куноо. Жашырбайле ачык корунуп турбайбы баары.
29.08.2021. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Bishkek11,Аларда чоон Куно ошол жердеги кылмышты жашырганга аракет кылышкан камера болбосо олгон Адам куноолу болмок
29.08.2021. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bishkek11,кылмыш ишин бурмалап туура эмес корсотмо беришкен.
29.08.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ар бир айдоочу ГАИ тоссо, бул эмне кылып алат эле деп эдирендебей ойлонуш керек. Беш кол Тен эмес ар кандай сотрудниктер бар. Ушундай бироосуно попал болсон кеттин экенда....
29.08.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bishkek11,ар кандай сотрудниктер бар эмес «закон о полиция», бироо эле. Ар кандай сотрудник бар болуп ал шаарда атасынын малын кочодо кайтарып жургон жок
29.08.2021. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мээлеп атып салса деле кокустан боло береби
29.08.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nina.alex,менде да ушул ой, кенеиреек жазайын десен бан га кетесин.
29.08.2021. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кокустан болсо, анда пистолеттин предохранители ачылып, октолуп даяр турганбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: