"Шамбала" тасмасы Канададагы эл аралык кинофестивалдын негизги сынагына киргизилди
Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы Канаданын Онтарио провинциясында өтө турган HECare Film Festival (Human-Environment Care Film Festival HECFF) эл аралык кинофестивалынын негизги сынагына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынан кабарлашат.
Маалыматта жазылгандай, кинофестиваль - бул Канададагы экологиялык көйгөйлөрдү тасмалар аркылуу изилдөөгө арналган эң алдыңкы маданий иш-чаралардын бири.
"Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" романынын негизинде тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















