super.kg logo

Талибдер теле-радио берүүлөрдө музыка жана аялдардын үнүнө тыюу салганы айтылды

 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын Кандагар провинциясында телекөрсөтүүлөр менен радиоберүүлөрдө музыка жана аялдардын үнүнө тыюу салды. Бул тууралуу аталган аймактын маданият жана маалымат департаментине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган департамент талибдердин аялдарга кадимкидей билим алууга жана иштөөгө уруксат берүү убадасына карабай, ооган айымдары күнүмдүк турмушта көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын билдирген.

Буга чейин "Талибан" кыймылы тийиштүү эрежелер иштелип чыккандан кийин мамлекеттик кызматтагы айымдар өз милдеттерин мурдагыдай улантышарын белгилеген. Ошондой эле жума куну медицина тармагындагы аял кызматкерлерди да жумушка кайтууга чакырган.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жарандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
30.08.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талибдер мусулман эмес окшойт э. Чыныгы мусулман бирөөгө зыянын тийгизбеген үлгүдө болот эле. Булар болсо алсыздарга гана күчүн көргөзүүдө.
31.08.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarema11,булар мусулманбыз деп өздөрү билгенин кылган якинчилер. Туура эмес багытты карманышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: