super.kg logo

Кабулдагы АКШнын ракеталык соккусунан каза болгондордун саны 9га жетти. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан

 

Жекшемби күнү түштөн кийин Кабулда жасалган АКШнын ракеталык соккусунан каза болгондордун саны 9 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон 9 адамдын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Алардын ичинен алтоо жаш бала болгону айтылды.

Эске салсак, кечээ, 29-августта Кабул аэропортунан анча алыс эмес жерге абадан ракеталык сокку урулганы кабарланган. Аба чабуулунан эки унаа жана адамдар жашаган турак үйдүн бир бөлүгү толугу менен кыйраганы айтылган. Андан соң аталган ракеталык чабуул Америка аскерлери тарабынан ишке ашырылганы аныкталган.

Көп өтпөй АКШнын куралдуу күчтөрү Кабулда ракеталык чабуул жасаганын тастыктап, себебин түшүндүргөн.

"АКШ аскерлери бүгүн коргонуу максатында Кабулдагы унаалардын бирине учкучсуз ракеталык сокку жасап, Вилаят Хорасан (Ислам мамлекети террордук тобунун бир бөлүгү) тарабынан ишке ашуу алдында турган Хамид Карзай эл аралык аэропортуна болгон коркунучту жок кылды", - деп билдиришкен алар.

Ошондой эле "сокку багытталган унаада орун алган катуу жарылуу, анын ичинде олуттуу өлчөмдө жардыргыч заттар болгонун ырастап турат", - деп белгилешкен.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жарандар мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
30.08.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каапырлар, оюнчуктай кылып, каалагандай ойноп атасыңар байкуш өлкөнү. АЛЛАХтын алдында жооп берер күндө кантеер экенсиңер!
30.08.2021. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Америкада жардыруу болуп эки эле адам олгондо,Америка бут дуйного жар салып согуш ачмак жооп иретинде.
30.08.2021. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялдардын башына мажбурлап хиджаб чүмкөп, тумчулаган динчил талибтер - айбансыңар. Аялдардын башына хиджаб тумчулап, ороп салуу менен аялдардын жашоодогу көйгөйү, муктаждыктары чечилбейт. Муну динчил талибтер түшүнбөйт. Баардык көйгөйлөр билим аркылуу чечилет. Билим аялдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-30 12:46:31
30.08.2021. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayzhan12,бир чети жазганыңа кошулам, бирок чыныгы диндеги адамдар кумурскага да зыян келтирбегендер. Ал эми булар чыныгы караңгы зөөкүрлөр, өз мекенин талкалаганга жол ачып ,башкаларга жем салып берген сыяктуу. Алсыз аялдарга өкүмүн өткөзүп, коргоп эмес кордоп жүргөндөрдү диндар деп атоого мүмкүн эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: