super.kg logo

"Суткасына 2 саат тыныгуу берилери күтүлүүдө". Дөөлөт Сыдыков элчиликтин имаратында манас айтат

 

31-августтан 6-сентябрга чейин Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтат. Манасчы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин имаратында улуу баянды айтат, ал эми сыртка чоң экран коюлат. Бул тууралуу манас айтуу, Гиннесске каттоо боюнча иштерди уюштурууну жетектеген Гүлзар Кокенова билдирди.

"Манасчы бүгүн толук эс алат, көп тамак жебейт. Ал элчиликтин имаратында орундукка отуруп, улуу баянды айтат. Каалоочулар үчүн сыртка экран коюлат. Гиннесс уюмунун жобосуна ылайык, бир сутканын ичинде 2 сааттык тыныгуу берилиши күтүлүүдө", - деди Кокенова.

Маалым болгондой, Гиннесстин рекорддор уюмунун талабына ылайык, Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтат. Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жана диаспоранын колдоосу менен өтөт.

Эске салсак, буга чейин, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.

Ошол күнү манасчыны Бишкек шаарынын тургундары күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан жашы-кары дебей колдоп, сүрөөнгө алып турушкан.

Иш-чарада Ырыс Окенова жолдошу бул иш-чарага атайылап деле даярданбаганын, анын жолдошунун жашоодогу башкы максаты "манасчылык миссия" экендигин билдирген.

Арадан туура 14 саат 27 мүнөт өткөндө Дөөлөт Сыдыковдун манас айтуусун токтотушкан. Манас айтылып бүткөндөн кийин анын абалы туруктуу экендигине жеринде жүргөн "Тез жардам" кызматкерлери баа берген.

Иш-чаранын эртеси манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына маек берип, "мени токтотушпаса, манасты таң атканча деле айта бермекмин" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
30.08.2021. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу Манас Атабыздын руху колдосун демекчи. Манас кыргыз элинин тарыхы. Элибиздин тагдыры Манас менен байланыштуу. Тарых аркылуу гана ата -бабалардын руханий дүйнөсүн түшүнө алабыз, анын тилин жана маданиятын түшүнө алабыз. Тарыхты билүү ата-бабаларга болгон сый -урмат. Өлкөнүн тарыхы жеке үй - бүлөнүн окуяларынан түзүлөт, жеке адамдын тагдырынан башталат. Өз өлкөсүнүн тарыхын билүү - бул өзүн-өзү сыйлоо.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-30 14:57:21
30.08.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу адамдардын бири: "Өз элинин тарыхын билбеген элдин келечеги жок" - деп айткан. Ар бир кыргыз жараны мектепте, мечиттерде болобу биринчи кезекте өзүнүн баатырларын, белгилүү инсандарын изилдеш керек, билиши керек жана алардын даңазалоо керек. Өзүбүздүн Тарыхыбызга суктанбасак анда динчил, эктримист талибандардын кейпин кийип калабыз. Андыктан өз элибизден чыккан мыкты инсандарыбызды ыйык көрүп, аларды даңазалап туруу шарт
30.08.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayzhan12,Туура айтасын ,орустардын кириллицасына чейин кыргыздар арап тилинде кат сабатын жоюшкан.Тарыхта Тоголок Молдо, Молдо Кылыч дегендер откон, а тарыхты арстан алайчылардын денгээли ото томон.Динибиз Ислам , маданиятыбыз Манас.Манасчыбызды Алла колдосун
30.08.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayzhan12,Озум Алайга жээнмин.Тарыхтагы Алымбек датка, Курманжан датка беш убак намазын узбогон кыйын башкаруучулар болгон.Ким тарыхын билбесе ал - манкурт.Кыргызда эри олгон гана аял чачы жайган.Чачын жайып бетин тытып ыйлашкан.А азыркылар билбейт тарыхты.
30.08.2021. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
meni_kut,
Намазды эле туу тутуп, аялдар бети башына хиджабты оронуп алышы, өлкөдөгү сакалчан жаштардын көбөйүшү менен мамлекетибиздин көйгөйү чечилип калган жок. Мамлекеттин өнүгүшү дин менен байланыштуу эмес. Силер дайыма эле динди эле жарнама кыла берсинер. Мамлекет өнүгүү үчүн бизде билимдуу, тажрыйбага бай улан-кыздарды остуруу зарыл. Болбосо беш убак намаз менен элдин көйгөйү чечилбейт.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-30 16:52:59
30.08.2021. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кой деп койгулачы эмне кереги бар Кыргызстанда айтаберсин Кыргыздан башка эч ким укпайт аны
30.08.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibekkk,кантип кой дейсин, эми аялы күзүр экен америкага да барып манас айттырат окшойт.
30.08.2021. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москвага бир негр келип алып суткалап рэп айтканын коро элекпиз го, жон эле койсо болмок.
30.08.2021. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Манасчыларды албетте сыйлайбыз,бирок ушунусу ашыкча эле го дейм,озун озу кыйнап,и то Москвада...,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: