super.kg logo

Гүлнара Каримованын кызы үй-бүлөсүнүн эксклюзивдүү сүрөттөрүн жарыялады

 

Учурда камакта жаткан Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова социалдык тармактагы баракчасына үй-бүлөсүнүн буга чейин эч жакка чыгарбаган сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Иман Каримова үй-бүлөлүк архивдик сүрөттөрдү жарыялаган. Сүрөттө чоң атасы, чоң энеси, таятасы Өзбекстандын мурдагы лидери Ислам Каримов, таенеси, таежеси жана Имандын иниси Исламды көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстандагы компаниялардын биринин салыгын төлөөдөн качуу, уурдоо, талап кылуу жана документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Биринчи өкүмдөн кийин Каримова бир нече убакыт бою үй камагында отурган.

Бирок 2019-жылдын март айында ал камакта кармоонун шарттарын "кара ниеттик менен" бузган деп айыпталып, Ташкент облусундагы түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. Көп өтпөй ага экинчи кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: