Бразилияда бийиктиги боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Будданын айкели ачылды
Бразилиянын Эспириту-Санто штатындагы Ибирасу монастырында Гаутама Будданын айкели тургузулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.
Маалыматтарга ылайык, айкелди орнотуу иши 2020-жылдын декабрь айынын аягында аяктаган. Бирок эпидемиологиялык абалга байланыштуу анын ачылышы азыркы күнгө чейин жылдырылып келген.
Темир бетондон жасалган 350 тонналык айкелдин бийиктиги 35 метрге жетет. Статуяны көрүү үчүн эч кандай чектөөлөр кирген эмес жана кирүү акысыз. Ал эми ар аптанын дем алыш күндөрү 4 миңге жакын зыяратчы келет.
Белгилей кетсек, аталган статуя Кытайдагы Лешан Буддадан кийинки экинчи орунда турат.
Ал эми төмөндөгү сүрөттөрдөн дүйнөдөгү эң бийик делген Будданын айкелдерин көрсөк болот
Лечжун-Сасачжа (Мьянма) - 116 метр
Будда Гаутама (Кытай) - 88 метр
Фо Гуан Шань монастыры (Тайвань) - 36 метр
Бонгеунса чиркөөсү (Түштүк Корея) - 23 метр
Ват Пхо чиркөөсү (Таиланд) - 15 метр
Гал-Вихара чиркөөсү (Шри-Ланка) - 14 метр
Котоку-Ин чиркөөсү (Япония) - 13 метр
Винь-Чанг чиркөөсү (Вьетнам) - 11 метр







1 |