super.kg logo

MegaCom: Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз!

 

Эртең, 31-августта биздин өлкөбүз Кыргыз Республикасы суверендүү демократиялык мамлекет катары жарыялангандыгынын 30 жылдыгын майрамдайт.

Эгемендүүлүк күнү – улуттук биримдиктин, мамлекеттин келечегинин алдындагы чоң жоопкерчиликтин, анын экономикалык гүлдөшүнүн жана калкынын байгерчилигинин символу болгон мекенибиздин негизги майрамдарынын бири.

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү бутагы болуп MegaCom («Альфа Телеком» ЖАК) сыяктуу социалдык жоопкерчиликтүү ата мекендик ишканалар саналары талашсыз. MegaCom уюлдук байланыш оператору «Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз» ураанынын алдында, Кыргызстандын аймагындагы калктын 99 пайызын уюлдук байланыш менен камсыздаган, 2G/3G/4G түйүндөрүнүн каптоосу боюнча өлкөдөгү лидер операторлордун бири болуп саналат.

Компания өлкөдөгү миңдеген калктуу пункттарды байланыштыруучу түйүндү туруктуу өнүктүрүп жана модернизациялап келет. 15 жыл бою тынбай эмгектенүүнүн арты менен MegaCom түйүндүн өткөргүчтүк касиетин болжол менен 26000 эсе жогорулатууга, ошол эле учурда интернеттин баасын 5000 эсеге арзандатууга жетише алды. Оператор 2021-жылы эл аралык роумингдин географиялык аймагын кеңейтип, 260 өнөктөш компанияларды тартып, абоненттерге дүйнөнүн 170 өлкөсүндө туруп байланышта болууга мүмкүнчүлүк түздү.

Компаниянын 100 пайыздык мамлекеттик акциялар топтому пайдага түшкөн ар бир сомунан бюджетке киреше алып келерин сыймыктануу менен айта алат. Тагыраагы, 2009-жылдан 2021-жылдын июль айына чейин «Альфа Телеком» ЖАК өлкөнүн казынасын 33,3 миллиард сомдон ашык каражат менен толуктап, бир нече жолу «Кыргыз Республикасынын мыкты салык төлөөчүсү» наамына татыды.

Өткөн жылы MegaCom бир нече ири санариптик демилгелерди ишке ашыра алды. Анын ичинде «Альфа Телеком» ЖАК Кыргызстандагы товарларды маркалоо улуттук системасынын оператору катары, бут кийимдерди жана жеңил өнөр жай товарларын маркалоо боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн деңгээлинде тамеки жана алкоголдук продукттарды маркалоо боюнча долбоор тааныштырылды. Жарандардын ыңгайы үчүн MegaCom өлкөдөгү мекемелер жана министрликтер менен өнөктүктө маанилүү документтерди (маалымкаттар, соттолбогондугу тууралуу билдирме, электрондук патент ж.б.) онлайн тариздеп жана төлөм жүргүзүү боюнча кызматтарды кеңейтип ишке ашырды.

MegaCom'дун туруктуу социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү компаниянын корпоративдик стратегия бөлүгүн түзөт. 15 жылдан бери компания Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан карылар жана балдар үйлөрүнө туруктуу колдоо көрсөтүп, социалдык колдоого муктаж жарандарды негизги керектөөлөр менен камсыздоого аракет жасап келет.

Компания саламаттыкты сактоо тармагын да колдоого алууну колго алып, COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл буруп келүүдө. Акыркы жылдары MegaCom 30 миңдеген медицина кызматкерлерин, ошондой эле 300 миңдей мугалим, студент жана окуучуларды акысыз байланыш менен камсыздады. Мындан тышкары оператор өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштурду. Кыргызстандагы стационардык медициналык мекемелер үчүн керектүү жабдуулар жана жана шаймандар сатылып алынды.

Компания мамлекеттик деңгээлдеги ири маданий-спорттук иш-чараларда башкы өнөктөш катары колдоо көрсөтүп келет.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл толушу менен MegaCom компаниясы мекендештерге чың ден соолук, оптимизм каалап, кереметтүү Кыргыз жеринин гүлдөп-өсүүсүнө тилектештигин билдирет. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө ар дайым ынтымак, ырашкерлик байырласын, ал эми жаныңыздарда жакын адамдар болсун!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
30.08.2021. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз элим Мега Комду колдонгула Кыргыз элиме пайдасы тушсун
30.08.2021. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мегакомду колдонгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: