БЛОГ: "Эмгек өргүүмдө саякаттагым келип, акчаны үнөмдөп Кел-Сууга бардым. Соңунда өзүмдү жемеледим, эмнеге?"
Акыркы жылдары өлкөбүздө ички туризм өнүгүп жатканы баарыбызга маалым. Өлкөбүздүн жети дубанында көз жоосун алган керемет жерлер ондоп саналат. Бирок жергиликтүүлөрдүн арасында өзүнүн аймагында жайгашкан кооз жерлер тууралуу кабары жоктор, кабары болсо да өз көзү менен барып көрбөгөндөр бар. Алардын ичинде мен дагы бармын. Нарын жергесинде төрөлүп өскөндүгүмө карабастан, Кел-Суу көлү тууралуу Бишкек шаарында жүрүп, чет элдик туристтерден угуп, сүрөттөрүн көргөм.
Бул ирет эмгек өргүү маалында көптөр сөз кылып, суктанган Кел-Сууну көрүп келүүнү чечтим. Акчаны үнөмдөө жана башка адамдар менен баарлашуу максатында атайын уюштурулган тур менен бардым. Айта кетчү нерсе, аталган турду жергиликтүү жаш ишкер уюштурган экен. Кичи автобус толуп, таңкы саат 6да сапарга чыктык. Мени кубандырганы сапарлаштарым жаш, жигердүү, чет тилдерде эркин сүйлөгөн адамдар болуп чыкты. Ушундай жаштар турганда өлкөбүздүн келечеги кең экенине ичимден сүйүнө аягы көрүнбөгөн Ат-Башынын боз талааларын тиктеп бара жаттым.
Көл чектеш аймакта жайгашкандыктан 2 чек ара постунан өтүүгө туура келет. Ал жактан атайын уруксат кагаздарын көрсөтүп өтүү талап кылынат. Аталган кагаздарды турдун уюштуруучулары даярдап берди. Жолдун абалы бир аз начар болгондуктан сапар көп убакытты талап кылды. Ал арада Босого жайлоосуна жетип, жол боюна чыга өскөн карагайларга суктанып бара жаттым. Жергиликтүүлөр ал жакта да чет элдиктерге кызмат көрсөтүүдө мыкты шарттарды түзүп коюшкан экен.
Ошентип көксөгөн Кел-Сууга да жеттик. Кел-Суу Ат-Башы районунда Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жерде 3 миң 500 метр бийиктикте Көкшаал-Тоо тоо кыркаларында жайгашкан. Көлдүн узундугу 9 чакырымга жетсе, туурасы 500 метрден 2 чакырымга чейин жетет. Аты айтып тургандай эле аталган көлдө суу кээде болот, кээде болбойт. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айрым учурда суу жер алдындагы үңкүрлөргө кирип кетип жок болот. Көлгө жетүү үчүн шар аккан сууларга жана саздарга бай Ак-Сай өрөөнүн басып өтүү керек. Көлгө жетпей 4 чакырым алыстыкта туристтер үчүн жергиликтүүлөр кызмат көрсөтүп, жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылышат. Боз үйдөн турган жатаканалардын жана андагы кызматтардын баасы ар кандай экен.
Унаабызды таштап, жөө көлдү көздөй бет алдык. Ал эми чет элдик туристтер өздөрүнүн жол тандабастары менен көлдүн жээгине чейин чыгып жатышты. Көлгө жеткенге чейин шар аккан суулар, жайылган талаа, өпкөнү ачыштырган таза аба кубантып жатты. Көлдү көрүү каалоом күч болгондуктан ал жакка алгачкылардан болуп жеттим.
Көлдүн көзү көрүнөр замат турган жеримде катып, бир топко суктанып турдум. Андан соң гана суу жээгиндеги таштардын бирине жайгаштым. Буга чейин көл тууралуу уккан сөздөрүм, көргөн сүрөттөрүм өз көзүм менен көргөнүмө тең келген жок. Буга чейин мындай ажайып кооз жерди көрбөй жүргөнүмө өзүмдү ичимден урушуп да алдым. Көл жээгинде бир нече саат болсок дагы мен ал сулуулукка тойгон жокмун. Сапардан кайткан соң бир канча күн көтөрүңкү маанай менен жүрүп, өзүмө кийинки жайда Кел-Сууга кайра келүүгө убада бердим...
кошулду
Ак-Сай өрөөнү







1 |