Мырзалар дагы бар. Татарстанда шиш така кийип жарышка түшкөндөр кызуу талкууда (видео)
Казань шаарында шиш така кийип жарышка түшкөндөрдүн видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Жарыштын шартына ылайык, катышуучулар 16 жаштан жогору болуп, алар бийиктиги 10-12 сантиметрден кем болбогон шиш така кийүүсү керек эле. Катышуучулар Волга жээгин бойлой 60 метр аралыкка чуркашкан. Жарышта Алсу Зарипова аттуу айым жеңишке жетип, ага Казандагы бут кийим саткан дүкөндөрдүн биринен сертификат берилген.
Айтмакчы, жарышта мырзалардын да шиш така кийип чуркагандарын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, аталган конкурс Татарстанда жыл сайын өткөрүлүп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.