"Достук" - "Ала-Тоо" беттеши: Бообек Шакирбек уулу "Ала-Тоо" үчүн 4-улакты салды
Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн мелдеште Жогорку Лигада "Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын 3-4-орундар үчүн болгон беттеши уланууда. 3-бөлүктүн жүрүшүндө "Ала-Тоонун" оюнчусу Бообек Шакирбек уулу 4-улакты салууга жетишти. Муну менен "Ала-Тоо" командасы ишенимдүү түрдө алдыга чыкты.
Белгилей кетсек, буга чейин "Ала-Тоо" командасынан Аскат Аскаров 2 улак, Манас Ниязов 1 улак таштаган.
Ал эми Кыяз Ниязов "Достуктун" пайдасына 2 улак салган.
Азырынча "Ала-Тоо" командасы "Достукту" 4:2 эсеп артыкчылыгында артка калтырып келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.