super.kg logo

Балалык дегенде эле ууланганын эстеген Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов 63 жашка толду

 

Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов бүгүн, 30-августта туулган күнүн белгилөөдө. 63 жашка толгон артистти куттуктап байланышканыбызда каалоо-тилек айткандардын баарына жооп берүүгө үлгүрбөй жатканын белгиледи.

"Туулган күнүмдү үй-бүлөм, уул, кыздарым, неберелерим, бир туугандарым менен үйдөн өткөрөм. Куттуктоо жазып, жакшы тилектерин айткандардын баарына ыраазычылык билдирем. Ар бир куттуктоого жеке жооп берүүгө жетишпей жатам. Элибиз сыркоодон алыс болуп, жергебизде тынчтык, бакубат жашоо болсун. Силерге да рахмат, жакшылыктын жарчысы болуп жүрө бергиле", - деди ал.

Куудул Абылов Күмөндөр Мукулович 1958-жылы Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган.

1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда "Театр жана кино актёру" бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан. 2000-жылдан тартып Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.

Маданият тармагындагы жемиштүү жетишкендиктери үчүн 1981-жылы "Жылдын мыкты актёру", 1984-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон. Андан кийин Эл артисти наамы менен сыйланган.
Күмөндөр Абылов балалыгы жөнүндө: "Балалык дегенде эле көбүнчө ууланганымды эстейм. Мен бала чагымда эле жети-сегиз жолу ууланыптырмын", - дегени бар. Маекти толугу менен окуу үчүн шилтеме.
Ал эми чыгармачылыгына саресеп салган артисттин маеги бул шилтемеде.
"Сакалды молдо болгонум үчүн же мода болгону үчүн койгон жокмун" деген куудулдун имиджи, жаңы эмгектери тууралуу кеңири таанышкыңыз келсе бул шилтемеге баш багыңыз.
30-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.08.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туулган күнүңүз кут болсун. Күмөдөр агабыз улуу куудул гана эмес, биздин бул жашоону түшүнүүгө юмор аркылуу жардам берди. Эл Күмөдөрдүн чыгармаларына кубанып эле тим болбостон, ага ыраазы болуп, анын айткандарынын баарын эсинде сактап калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: