super.kg logo
  Спорт  

Эгемендүүлүк күнүнө карата Таластан Бишкекке чуркап чыккан Осмонбеков Кара-Балтага жетти

 

Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине карата Талас облусунан Бишкек шаарын көздөй чуркап чыккан жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Кара-Балта шаарына жетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оболбек Осмонбеков 26-августта таңга жуук Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылынан марафонун баштаган. Ал өз жолунда 2 ашууну ашып өткөн.

31-август - Эгемендүүлүк күнүндө Бишкек шаарына чуркап жетүүнү максат кылган жөө күлүк учурда Кара-Балта шаарындагы айланма жолго жетип, дагы 30 чакырымдык жолду басып өтүүнү көздөп жатканы айтылды.

Эске салсак, Оболбек Осмонбеков буга чейин дагы 2020-жылы 19-июнда Ат-Башы районунан чуркап чыгып, 24-июнда Бишкек шаарына жеткен.

Мындан тышкары ушул жылдын апрель айында да Бишкектен Ошко чейинки аралыкты 8 күндө багындырган.

Жөө күлүк бул жолку ийгилигин Эгемендүүлүк майрамынын 30 жылдык мааракесине арнай турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
30.08.2021. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атың чыкпаса жер өрттө деп, бириң көлдү сүзүп, бириң чуркап, экинчиң дагы бир нерсе кылгыла эми!!!
30.08.2021. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pankration_MMA,ичин куйсо туз жеп алда брат. Аллахым куч кубат берсин. Уй бололук бакыт каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: