Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды




Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну (1963-жылы туулган Н.Б.) аттуу эркек киши Туура-Кайың жайлоосуна карагат тергени кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук 5 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 16:00 чамасында маркумдун сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлери тарабынан Тогуз-Торо райондук өлүк сактоочу жайына жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.