Кыргызстанда 9 ай ичинде 770 миң тонна көмүр казылып алынды
Кыргызстанда 2013-жылдын январь-сентябрь айларында 770 миң тонна көмүр казылып алынды. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан бул өткөн жылга салыштырмалуу 60 миң тоннага көп деп билдиришти. Мындан сырткары цемент заводдоруна көмүр алып келингендиктен жана коңшу өлкөлөргө экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүктөн түштүк аймактагы көмүр ишканаларынын иши туруктуу жүрүп жатат деп белгилешти. "Кыргыз көмүр" 3 жыл ичинде Казакстандан көмүр импорттоодон баш тартып, Бишкектеги ЖЭБ үчүн Кыргызстандан 1 миллион тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда деп кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

