Эркек киши аялды бет талаштыра чаап, тепкичтен кулатып жиберген окуя. Жабырлануучу анын аялы, милицияга кайрылуудан баш тартты
Бишкекте караоке-клубдардын биринде эркек киши кызды бетке уруп, тепкичтен кулатып жиберген видео тараган. Окуя Сухэ-Батыр көчөсүндөгү клубда орун алганын Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, кызды чыканагы менен кулата урган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "ээн баштык" менен катталып, сотко чейинки төргөө башталды.
"Териштирүүнүн жүрүшүндө клубдун администратору К.К. окуя 29-августта түндө болгонун билдирген. Күбө болгон кызматкер жабырлануучуга милиция кызматкерин чакырууну сунуштаган, бирок кыз кол көтөргөн адам жолдошу экенин айтып, укук коргоочуларга кайрылуудан баш тарткан. Андан кийин алар клубдан кетип калышкан. Көңүл ачуучу жайдын кызматкеринин айтымында, ошол күнү кабинкалардын биринде бир канча кишиден турган чоң компания эс алышкан", - дешти мекемеден.
Учурда шектүүнү аныктоо жана табуу боюнча комплекстүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бишкекте караоке-клубда эркек киши кызды бетке урду



иринчи аялынардын кийген кийимин (бпшка бироону кызыктырган денгээлде эмеспи)ошону карап андан сон айтып дегенге аракет кылышса...
Узун кийингенин эле болбосо ачык чачык кийинген кыздардан айырманар эч канча. Же хиджап кийсен эле кругозорун осуп кетпегенден кийин...
Телефон кармабайт эмес кармайсынар. Эгер уруш болчу болсо, ошол телефондун айынан деле уруш чыгат уйдон чыкпай жатып.
Болгону катуу уруп жибериптир, эми турмушта болуп турат, мындан бетерлери да болуп жатпайбы, сойку келиндерибиз пакистандыктар менен кол жээгинде бийлеп шерменде болуп......