Бишкекте жол кырсыгынан эки адам жабыркады
Бишкек шаарынын Чүй-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн
кесилишинде кечээ, 4-ноябрда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын айынан эки адам
жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы
маалымдады. Алардын маалыматына караганда, Хонда-Одиссей унаасы менен Мицубиси
унаасы сүзүшкөн. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык куткаруу
кызматынын куткаруучулары барып, жабыркаган айдоочу М.М. менен айдоочу К.Аны унаадан
чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.