Бишкекте жеңил унаа алгач жөө адамды сүзүп, андан соң кафени сүзүп токтогон (видео)
Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы кафелердин биринде жеңил унааны башкарып бара жаткан айдоочу жөө адамды сүзүп, андан ары барып кафени сүзүп токтогон видео тарап жатат.
Камерадагы убакытка караганда, кырсык бүгүн, 31-августта саат 06:50 чамасында болгон. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, окуя Юнусалиев көчөсүндө катталган.
Видеодон Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа алгач жөө адамды сүзүп, андан соң кафени сүзүп токтогонун көрүүгө болот. SUPER.KG порталы Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматына байланышканда, маалыматты тастыктап, кырсыктын чоо-жайын тактап берүүнү убада кылышты.
Бишкекте жеңил унаа алгач жөө адамды сүзүп, андан соң кафени сүзүп токтогон
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.