Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтуусун баштады. Ага кандай орун даярдалган? (сүрөт)













Манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою улуу баян айтууну баштады. Бул туурасында манас айтуу, Гиннесске каттоо боюнча иштерди уюштурууну жетектеген Гүлзар Кокенова тарабынан маалым болду.
"Манас айтууга В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Конурбаев, филология илимдеринин доктору, манас таануучу, профессор Жылдыз Орозобекова күбө болууда. Гиннесске каттоо боюнча документтерди топтогондо ушул эки кишинин көрсөтмөлөрү дагы тиркелет", - деди Кокенова.
Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин жана кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага элчи Гүлнара-Клара Самат, манас таануучулар, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышты. Элчи өз сөзүндө улуу Манастын кыргыз эли үчүн өзгөчө ыйык маанисин белгилеп, Дөөлөт Сыдыковго анын бийик миссиясына жетүүдө ийгилик каалады.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Бугун посольства жака барсам тып тынч, дагы 31 август выходной деп жазылып турат.
Билсениздер айтып койгулачы