Гүлсүн Мамашева "Даңк" ордени менен сыйланды
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата бүгүн, 31-августта бир катар мамлекеттик, маданий кызматкерлерге наам, сыйлыктар ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлсүн Мамашевага дагы "Даңк" ордени ыйгарылды. "Мыйзамдуу түрдө эле алдым" деп тамашалаган ырчы айым төмөнкүлөргө токтолду.
"Мени бул сыйлыкка филармониядан көрсөтүшүп, комиссиядан өтүп алып калдым. Мыйзамдуу түрдө эле алдым (ред. күлүп). Эч кимге кайрылган жокмун мага сыйлык бер деп. Кубанып, азыр үйдө балдарым менен чай ичип отурам. Бул боюнча аянттагы иш-чарада 2-3 адам "сыйлыгыңыз кут болсун эже" деп куттукташкан. Үйгө келип, келиниме интернетти карачы деп каратып, анан өзүм көрдүм", - дейт Мамашева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KG-312

31.08.2021. 16:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Койчу аай, ушинтип эле күтүүсүздөн болду, билген жокмун деп өлүмүштөнө чыгасыңар. Буга жетем деп айлап, жылдап документтерди чогултуп, министрликтин эшигин каккылап жүрүп күнүңөр өткөнүн эч эле айтпайсыңар. Азыр алма быш, оозума түш заманы эмес.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.