"Манчестер Юнайтед" клубу Роналду үчүн "Ювентуска" канча каражат төлөп берери маалым болду
Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналдунун “Ювентус” клубунан “Манчестер Юнайтедге” өтүшү 15 миллион еврого бааланды. Бул тууралуу италиялык клуб өзүнүн сайтында кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Манчестер Юнайтед” клубу беш жыл ичинде 15 миллион евро төлөп берет. Эгерде футболчу жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишсе, анда бул сумма 8 миллион еврого чейин өсүшү мүмкүн.
Эске салсак, Роналду 27-августта “Манчестер Юнайтед” клубу менен 2 жылдык келишим түзгөн. Ал эми акыркы клубу болгон туриндик "Ювентуска" 2018-жылы кошулган. Ал былтыркы сезондо аталган клуб үчүн 29 гол киргизип, мыкты бомбардир болууга жетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.