super.kg logo
  Спорт  

Бүйүр кызыткан көк бөрү мелдешинде ийгилик жараткандар. Эң мыкты аргымак, эң мыкты оюнчу аталгандар

 

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча "Президенттин кубогу" үчүн болгон мелдештер жыйынтыкталды. Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесине арналган көк бөрү оюндарында 3 лигада жалпы 29 команда баш байге үчүн күч сынашты. Тактап айтканда, Биринчи лигада 17 команда, Жогорку лигада 6 команда, ал эми жаңы ачылган Эл аралык лигада 6 команда оюн алып барды.

Белгилей кетүүчү нерсе бул жылы жаңы түзүлгөн Эл аралык лигада күч сынашуу үчүн Өзбекстандан жана Орусиядан да командалар келди.

8 күнгө созулган көк бөрү мелдешинде ийгилик жараткан командалар, оюнчулар жана аргымактар төмөнкүлөр

Биринчи лига

1-орун - "Көк-Жал" командасы (Бишкек) 100 миң сом.

2-орун - "Мурас" командасы (Ысык-Көл) 75 миң сом.

3-орун - "Сон-Көл" командасы (Нарын) 50 миң сом.

Эң мыкты оюнчу - Нурдин Болотбек уулу (Көк-Жал).

Эң мыкты аргымак - Көк бет (Мурас).

Эл аралык лига

1-орун - "Жети-Өгүз" командасы (Ысык-Көл) 600 миң сом.

2-орун - Өзбекстан курамасы 300 миң сом. Андан тышкары көк бөрү федерациясынын ардак грамотасы.

3-орун - "Бакубат-Талас" (Талас) 200 миң сом.

Эң мыкты оюнчу - Азим Болот уулу (Жети-Өгүз).

Эң мыкты аргымак - Полковник (Бакубат-Талас)

Жогорку лига

1-орун - "Ынтымак" командасы (Талас) 1 миллион сом.

2-орун - "Сары-Өзөн" командасы (Чүй) 500 миң сом.

3-орун - "Ала-Тоо" командасы (Ош) 250 миң сом.

Эң мыкты оюнчу - Нооруз Раатбек уулу (Ынтымак).

Эң мыкты аргымак - БТР (Сары-Өзөн).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: