super.kg logo

Ооган элчиси Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетишинин чоо-жайын ачыктады

 

Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар Ооганстандын экс-президенти Ашраф Ганинин өлкөдөн качып кетишинин чоо-жайын айтты. Маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

Элчинин айтымында, экс-президент өлкөдөн чыгып кеткен күнү өкмөт менен жолугушууну белгилеген. Бирок өкмөт мүчөлөрү аны күтүп турганда, ал үй-бүлөсү менен Кабул шаарынан учуп чыгып кеткен. Ашраф Ганинин кеңешчиси Коргоо министрлигине телефон чалып, Гани жолугушууга саат 16:00дө келерин айткан. Аны баары күтүп жатканда Гани жана туугандары үч учак менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Эске салсак, мурдагы президент Ашраф Гани талибдер Кабулду басып кирген күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Көп өтпөй ал үй-бүлөсү менен бирге Бириккен Араб Эмирлигинде экендиги белгилүү болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.09.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Исламчыл талибандарга окшоп аялдарды дикриминацияга алып, экинчи сорттогу жандыктарга теңеген айбандарды көргөн эмесмин. 31 августта Ала Тоо аянтта басып өтүшкөн кыргыз аялдарын көрүп абдан сүйүндүм. Баары эркин, жүздөрү ачык, афган аялдарына окшоп баштарына чүмкөнбөй эле, жакшынай басым өтүштү. Эгер бизде бийликте ашынган исламчылдар олтурганда аялдар минтип басмак эмес. Баары үйдө камалып жатышмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: