super.kg logo
  Спорт  

150 спортчу өлкө намысын коргойт. Казань шаарында I КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндары өтөт

 

4-сентябрдан 11-сентябрга чейин Орусиянын Казань шаарында "Күчүбүз биримдикте" урааны астында I КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чарага шериктеш 10 мамлекеттен бардыгы 1500 спортчу катышат. Ошондой эле 16 спорт түрүнөн (бадминтон, баскетбол, бокс, бел боо күрөшү, дзюдо, каратэ, стол тенниси, тай бокс, ок атуу, спорттук күрөш, самбо, бий спорту, футзал жана көркөм гимнастика) 184 комплект медаль ойнотулат.

Ал эми спорттук оюндарга Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорттун 13 түрүнөн жалпы 150дөн ашык спортчу катышат.

Оюндар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин курамына кирген өлкөлөр арасындагы достукту бекемдөө максатында жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча макулдашуунун негизинде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, I КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндарын өткөрүү сунушу 2018-жылы кабыл алынган. Алгачкы спорттук иш-чара 2020-жылга белгиленген. Бирок пандемиядан улам белгиленген мөөнөттө ишке ашпай калып, 2021-жылдын сентябрь айына жылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: