Кызы атасына эч качан таарынбаганын билдирген. Британиялык жаран 58 жылдан соң жоголгон кызын тапты
Лондон шаарынын жашоочусу 87 жаштагы Рой Девид аттуу жаран 58 жылдан кийин кызы менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Рой Девид өмүр бою соода кемелеринде иштеп, бир жерден экинчисине көчүп-конуп жүрүүгө аргасыз болгон. Ал 19 жашында Нью-Йоркто Сильвия аттуу медайымга үйлөнүп, бир кыздуу болушкан. Бирок көп убактысын деңизде өткөргөн жашоосу жубайына жакпай, экөө ажырашууга аргасыз болушкан.
Кийин ал Лондонго кайтып келип, экинчи ирет үйлөнгөн жана балалуу болгон. Бул убакыт аралыгында ал өзүнүн биринчи кызын эч унуткан эмес.
Арадан 58 жыл өткөн соң гана Британиядагы "Мени күт" долбоорунун жардамында кызы менен байланыша алган.
"Мен кызым жөнүндө укканда көңүлүм көккө көтөрүлдү. Жашоодогу максатым орундалгандыгы үчүн эми өзүмдү күнөөлүү сезбейм", - деп билдирген ал.
Телеберүүнүн жамааты Рой Девидди кызы менен Лондондо жолуктурушкан. Жолугушууга Девиддин небереси да келген. Ал эми анын кызы Шерил атасына эч качан таарынбаганын билдирген.


