super.kg logo

Жөө адамды сүзүп, андан соң кафени сүзүп токтогон. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу мас болгон

 

Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсүнөн жөө адамды тебелеп, андан соң кафени сүзүп токтогон Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдын ала маалымат боюнча мас болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Республикалык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, 31-август күнү Бишкек шаарынын 23 жаштагы А.А. аттуу айдоочусу унаасы менен Юнусалиев көчөсү менен бара жатып №127 үйдүн тушунан оңго бурулуп, атайын унаа токтотуучу жайга токтоп жатып, унаасын башкара албай тротуарда турган адамды сүзүп кеткен. Андан соң ошол жердеги тамактануучу жайды сүзүп токтогон.

"Натыйжада 39 жаштагы Ч.И. аттуу жөө адам №4 Бишкек шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, айдоочу менен жөө жүргүнчү экөө тең мас абалда болгон.

Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган иш кагаздар Бишкек ШИИББи боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - дешти башкармалыктан.






Бишкекте жеңил унаа алгач жөө адамды сүзүп, андан соң кафени сүзүп токтогон

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.09.2021. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичимдиктен бакыт тапкан адамды коро элекмин
01.09.2021. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нары жакта турган парочкалар, жигит эркек эмес экен, кетип калайын деди эле девушкасы кетирбей калды го..
Адамдар ушунчалык кайдыгер болуп баратабы? Чуркап келип тебелендиде калган адамды чыгарганы шашпайбы..
01.09.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jacob.,Ооба, тормоз экен, чуркап келип тиги сүзүлгөндү сууруп чыкпайбы бери!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: