super.kg logo

"Качууга аракет кылышкан". Баткенде мыйзамсыз жүк ташыгандарды кармоо үчүн асманга ок атылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери Баткенде кыргыз-тажик чек арасы аркылуу контрабандалык жүк ташыган жарандарды кармоо үчүн ок чыгарууга аргасыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя Баткен районунун Дахана аймагында болду. Анда Hyundai Porter унаасы менен тажик тараптан мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан үч Кыргыз жараны кармалды.

“Алар чек ара кызматкерлерин көргөндө качууга аракет кылышкан. Чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болгондо унаа токтогон. Унаага кароо жүргүзүү учурунда ичинде курулуш материалдары жүктөлгөнү, бирок жүктөрдүн документтери жок экени аныкталган.

Мындан сырткары, кечээ 31-августта Баткен районунун Ганжак аймагында да Тажикстандан ташылып келе жаткан 3 миң 650 килограммдык мыйзамсыз жүк кармалган. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, эки күндө кармалган жүктүн жалпы баасы 660 миң сомду түзөт", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Ошондой эле кармалган жарандар жана жүктөргө керектүү документтер толтурулгандан кийин тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
01.09.2021. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Машинелерин орттоп жибергиле.....
01.09.2021. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына ушулар кыргыздын душмандары.
01.09.2021. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерседес спринтер көрүнүп атат го мага
Же портерби? Срочно окулистке барат окшойм
01.09.2021. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asmat84,Биринчи сурот спринтер экинчи сурот портер спринтер кечээ кармалган портер бугун кармалган
01.09.2021. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тойгозду го саткындар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: