super.kg logo

Кызды тепкичтен тоголото чапкан окуя: Жабырлануучу видеону таратып жибергени үчүн клубдун кызматкерине арыз жазды

 

Буга чейин Бишкекте караоке-клубдардын биринде эркек киши кызды бетке уруп, тепкичтен кулатып жиберген видео тараган. Көп өтпөй Октябрь РИИБинен окуянын чоо-жайын билдирип, кол көтөргөн жаран анын жолдошу экенин жана жабырлануучу арыз жазуудан баш тартканын билдиришкен.

Милициянын маалыматына ылайык, интернет желесине тараган бул видеодон кийин жабырлануучу келиндин жолдошу үйүнө келбей жатканы белгилүү болду. Ал эми келин милиция кызматкерлери тарабынан коргоого алынган.

"Жогорудагы Д.А. аттуу жабырлануучу келин Октябрь райондук милициясына арыз менен кайрылып, видеону таратып жибергени үчүн караоке-бардын кызматкерине чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 186-беренеси "жеке жашоодогу купуялыкты бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми учурда кол көтөргөн шектүү жарандын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча иликтөө жана издөө иш-чаралары уланып жатат", - деп билдиришти Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан.

Эске салсак, 29-августта Сухэ-Батор көчөсүндөгү клубда белгисиз эркек киши кызды чыканагы менен тепкичтен тоголото чапкан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "ээн баштык" менен катталып, шектүү жаран издөөгө алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(14)
01.09.2021. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Туура кылыптыр бокту сакты чыгарышат. Жанагы калькулятор менен чапкан видеону чыгарган адамга да чара көрүү керек.
01.09.2021. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Барып эле талкалап салбаптыр караокисин. Ошондо расчет болот эле.
01.09.2021. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ал тараткан адам боору ооруган учун тараткан да.
01.09.2021. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай гана ким болбосун аял адамды мынчалык каттуу урбаш керек. Пидараздын опыты бар экен адам байкабай турганда ура турган, чыканак муштан каттуу. Муайтай спортунда колдонгон эн жесткий ударлардан.
01.09.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
tsunse, сен да жеп жургон окшойсун мындай ударлардан. Токмок жеп башынан откоргон адамдай суйлоп коюпсун..... )))
01.09.2021. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура, ар бир адамдын жеке жашоосун башкалар эл-журтка жарыялаганы туура эмес...

Караокесин жаптырып салсын!
01.09.2021. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Общественный жайдагы камерага чара корулбосо керек,видеону таратканы рас болуптур.Башка ситуация да болуп кетиши мумкун ошого камера болгону жакшы.Кечээги баланы аткан кызматкер дагы башкасын атмак камера болбосо
01.09.2021. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
baltabaev, камерагын болгону жакшы, бирок анданы сурот-видеолор коомчулукка жарыяланбашы керек. Коомчулукка жарыяланышы учун же ошол камерага тушкон адамдардын уруксаты же милициянын уруксаты болушу керек..... Уруксат болмоюнча ал видео, суроттор таркатылбашы керек.

Эгер кандайдыр бир кылмыш же кырсык болсо, милиция камерадан карап тергеп алат. Коомчулукка жарыялоо туура эмес......
01.09.2021. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Antiradikal3, туура айтасың бир калькулятор менен сес көрсөткөндүгү үчүн бүтүндөй бир улуу улутка залакасы тийди ошол үчүн эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер аксады канчалаган биздин мекендештерибиз жумушсуз калды канчалаган мекендештерибиз депортация болушту. Ошончо нерсенин кереги бар беле, Күнөөсү болсо эч кимге жарыялабай эле жазалап, же эскертме берсе болот эле го. Бирок Кыргызстанда жашаган ар бир улут кыргыз тилин билгенге милдеттүү
01.09.2021. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Закончул болуп кетиптирсинер го, жазасын албай эле койсун дейсинерби
01.09.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
modem4999, аялы менен куйоосу уруша кетсе сен барып жазалайсынбы не? Же куйоосун бир-эки ацга каматып, анын эркектик милдетин сен барып аткарып турасынбы не?!

Урушса кайра жарашат экоо. Куйоосун кечиргени учун арыздануудан баш тартып жатат аял. Анан жок, камалышы керек деп сен арыз жазып бересинби аялынын ордуна?!
02.09.2021. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Катуу осуруп койсоң деле камерага түшүп кала турган заман болду го
02.09.2021. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кокустан өлүп калсаң жардам бермек эле да камера кылмышкерди тапканга, кудай сактаптыр сени дагы, арызыңды алып койсоң деле болот.Сени колдоп жазгандар эмне деп жазышмак.
02.09.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
этияттап жазгыла коментти дагы,а то силерге да арыз жазат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: