super.kg logo
  Саясат  

Экономика министри: “Коррупцияга малынган мурунку аткаминерлер азыркы экономикалык кризистин себеби”

 

Мурдагы жогорку  кызмат адамдары жана айрым коррупцияга малынган чиновниктер азыркы каржылык жана экономикалык кризистин негизги себеби болуп саналат. Муну Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев айтты. Айтымында, алар көмүскөдөгү акчаларга таянып каалаган учурда ар кандай экономикалык диверсияны  ишке ашыруу жана  социалдык  касташууну тутандыруу жана бийликти алсыздандыруу аракеттерин көрүүдө. “Бул аракет өз учурунда өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунучтуу”,- деди Сариев. 

 

Кеңештин жыйынында “КРнын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу” маселе каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: