super.kg logo

Баткенде кылмыштын изи сууй электе адам өмүрүн алган окуянын бети ачылды. Шектүүлөрдүн үйүнөн курал-жарактар табылды

 

Баткен облусунун Лейлек районунда кылмыштын изи сууй электе адам өмүрүн алган окуянын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-августта эртең мененки саат 07:45 чамасында Лейлек РИИБине адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Аталган жайга Лейлек РИИБинин кызматкерлери барганда Исфана шаарынын 28 жаштагы М.М. аттуу тургуну өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу миздүү нерсе сайылып каза болгондугу белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам издөө иштеринин негизинде шектүү катары Исфана шаарынын 21 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну кармалган. Үйүнө тинтүү жүргүзүлгөндө мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 21 даана огу менен, 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, баштыкка оролгон баңгизат, бет кап жана атайын каражаттар табылган.

Кылмыштын изи сууй электе качып жүргөн жеринен экинчи шектүү катары Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Исфана шаарынан кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.09.2021. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбек туугандарго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: