super.kg logo
  Спорт  

"Мен дагы ушул ыкманы көп колдончумун". Айсулуу Тыныбекова жаш балбан кызга жардам берүүгө даяр экенин айтты (видео)

 

Интернет айдыңында жаш балбан кыздын күрөшү талкууга алынып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууда. Анда жаш балбан кыз күрөштө атаандашы болгон эркек балага эч кандай мүмкүнчүлүк бербей жеңип алган.

Бул видео социалдык тармактарга желдей тарады. Өз кезегинде "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова балбан кызга багыт көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм. Качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган. Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?

Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам.

Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим. Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын", - деп жазды Тыныбекова.






Айсулуу тыныбекова жаш балбан кызга жардам берүүгө даяр экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.09.2021. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Келечектеги дагы бир чемпионубуз кудай буйруса.
02.09.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Саламсыздарбы менин кызым чемпийон болгудай биз айылда жашайбыз бизде шарт жок бирок кызым ото кучтуу кыз озунон эки уч жаш улуу балдардыда жыгытып салат кол курошту айтпай эле койойун биздида бир колдогон киши болсо чемпион болмок куч бар бирок ошону туура колдоонууну уйронсо дейм бизге жардам берген киши болсо номерим берем кызым азыр 5 класс бойлуу далылуу ото тын кыз
03.09.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dftyhbv, сиз да кызынызды куроштуруп видеого тартып сайттарга жуктон. Сайтка же [moderated]ка жуктошту билбесениз [moderated]ерлердин ватсап номерлери бар ошолорго суйлошуп жонотунуз. Кудайдан болуп элин суйгон туура жол корсотуучуго туш болсонуздар
02.09.2021. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың балбан кыз. Кыялың чыныгы ийгиликке айланып кетсин. Сага талашсыз кооз жеңиш каалайм, анткени бул кыз ага татыктуу экен!
02.09.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Умничка Аллах куч кубат бакыт берсин инша Аллах
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: