super.kg logo
  Саясат  

Бексултан Жакиев 2014-жылды “Саякбай Каралаев жылы” деп жарыялоону сунуш кылууда

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Бексултан Жакиев 2014-жылды «Саякбай Каралаев жылы» деп жарыялоону сунуш кылды. Бул тууралуу 4-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мындан сырткары 2014-жылы «Манас» дастанынын үч бөлүгүн тең айткан улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленет. Ошондон улам заманыбыздын залкар манасчысынын мааракесин эл аралык деңгээлде белгилөө демилгеси көтөрүлүүдө.  «Ал үчүн Саякбай Каралаевдин ысымын ЮНЕСКО тизмесине киргизүү зарыл.  Саякбайдын бүткүл өмүрү менен өнөрү бүтүндөй бир улуттун көөнө маданияты менен тыгыз байланышкан, аларды бири-биринен ажыратып кароого болбойт», - деди Бексултан Жакиев. Комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев мындай демилгени колдоо менен, Кыргызстан делегациясы ЮНЕСКОнун келерки жыйынында Саякбай Каралаевдин ысымын уюмдун тизмесине киргизүү сунушун бере турганын билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: