"Талибан" кыймылы Ооганстанда ээлик кыла элек жалгыз Панжшер провинциясын курчоого алганын жарыялашты
Ооганстандын дээрлик бардык аймагына ээлик кылган "Талибан" кыймылы аларга багына элек жалгыз Панжшер провинциясын курчоого алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы учурда аталган провинцияны төрт тарабынан курчоого алышты. Кыймылдын өкүлдөрү буга чейин провинцияга губернатор жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн дайындашкан. Алар шаар тургундарынан согуш болтурбай, "Талибан" кыймылынын катарына кошулуусун айткан.
Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болуп саналат.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.