super.kg logo

"Кыздарды сейилдетүү үчүн уурдап жүргөм". Караколдо унааларды токтоп турган жеринен айдап кеткен шектүү кармалды

 

Ысык-Көлдө унааларды айдап качуу менен алектенген 31 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү Каракол ШИИБине шаар тургунунан арыз түшкөн. Анда Восход кичи районунан белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтотуп койгон Honda Odyssey унаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген.

Аталган кылмышты тез аранын ичинде ачуу максатында тосмо операциясы киргизилип, шаардан чыгуучу жолдорго посттор коюлган, ошондой эле чектеш шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн. Көрүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, уурдалган унаа Ананьево айылынан табылган. Бирок кылмышка шектүү кармалган эмес.

30-июль күнү Каракол шаарынын дагы бир тургуну Honda Odyssey унаасын Восход кичи районунан белгисиз адамдар айдап качып кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Териштирүү иштеринде Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну Т.У. кармалган. Анын айтымында, ал унааларды жөн эле айдап, тааныш кыздарын сейилдетүү үчүн уурдап жүргөнүн айткан.

Шаардык сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, "эч жакка чыкпоо" тил катынын негизинде үй камагына чыгарган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.09.2021. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми жөн эле түрмөгө отуруп чык.
02.09.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сейилдетип жүрөм кыздарды деп кырсыкка учурасан эмне болот
02.09.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үй камагы мода болуп кеттиго Кыргызстанда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: