super.kg logo

Нигерияда куралчан адамдар мектептен жүздөн ашык окуучуну уурдап кетишти

 

Нигериядагы мектепке куралчан адамдар кол салып, жүздөн ашык окуучуну уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, куралчан адамдар Нигериянын түндүк-батышындагы Замфара штатындагы мектептен 100дөн ашык баланы жана бир нече мугалимди барымтага алышкан.

"Күбөлөрдүн айтымында, куралчандар билим берүү мекемесине сабак учурунда кол салышкан. Замфара штатынын губернатору Белло Матавалле аймактагы бардык башталгыч жана орто мектептерди убактылуу жабууга буйрук бергени кабарланган. Штаттын 13 районунда коменданттык саат жана түнкү кыймылга чектөө киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Нигериянын Тегина шаарында жашы жете элек 200 бала уурдалганы кабарланган. Согушкерлер балдарды дайыма кул катары уурдап кетишет. Июль айынын башында эле Нигериянын түндүк-батышындагы Кадуна штатындагы интернатка куралчан топ кол салып, 140 окуучуну уурдап кетишкен. Жыл башынан бери жалпысынан 1000ден ашуун бала уурдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.09.2021. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурунку уурдалган балдар кайтарылдыбы же ошол бойдон уурдалды и всё болобу. Алардын тагдыры эмне болду. Супер инфо кабар бергилечи билсенер
02.09.2021. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булар Аны каяктан билмек эле. Аркы жактан которуп келип жазып салдыда бул жака.типа жанылыктын санын кобойтуп.Жалганбы же супер инфо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: