super.kg logo

«Керемет Банк» ААК жана «Кыргызстан» Коммерциялык Банкы» ААК биргелешип тилектештик маанайдагы банкомат тутумдарын ишке киргизишти

 

Эң сонун кабар! «Керемет Банк» ААКнын жана «Кыргызстан» Коммерциялык Банкы» ААКнын «Элкарт» карттарынын кармоочулары каражаттарды бири-биринин банкоматтарынан өздөрү көнгөн тарифтерге ылайык чыгара алышат.

Аталган банктардын ар бири өнүккөн банктык жабдуулардын инфраструктурасына ээ экендигине карабастан, бул өңдүү тилектештик маанайдагы тутум төмөнкүдөй кошумча артыкчылыктар менен коштолмокчу: Бардык облустар боюнча «Элкарт» улуттук төлөм карттарынын ээлеринин эми акча каражаттарын накталай алуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү дээрлик эки эсеге көбөйөт.

Тилектештик маанайдагы тутумдарды түзүүнүн натыйжасында, аталган эки банктын кардарлары үчүн эми өлкө боюнча дароо 460 түзүлүш кызмат көрсөтөт. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда - 168, Баткен облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 75, Ысык-Көлдө – 55, Нарын облусунда – 21, Ош облусунда – 80, Талас облусунда – 24 банкомат.

Эске сала кетүүчү жагдай, «Керемет Банк» ААКнын дээрлик бардык төлөм карттары менен республиканын соода-сервистик ишканаларында товарларга жана кызматтарга накталай эмес түрдө жана комиссиясыз төлөм жүргүзүүгө болот. Бул үчүн өлкөбүздүн бардык банктарындагы POS-терминалды пайдалануу абзел. Ири маркеттерде жүргүзүлгөн накталай эмес эсептешүүлөр учурунда 1%дык сатуу салыгы алынбайт жана бул кошумча үнөмдөөлөргө шарт түзөт.

Бардык суроолорду (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44 номерлери аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борборго жөнөтүүгө же расмий сайттагы чатка жазып калтырууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: