super.kg logo

Эквадордун президенти өлкөнүн бюджети үчүн жеке учагын сатат

 

Эквадордун президенти Гильермо Лассо өлкөнүн бюджетин үнөмдөө үчүн эки жеке учагынын бирин сатууну чечти. Бул тууралуу анын Твиттерге берген билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Эквадордун президенти өзүнө бөлүнгөн "Legacy EMB-135 BJ" учагын сатыкка коюуну тапшырган.

"Мамлекеттик чыгымдарды рационалдаштыруу жана республикалык бюджетти балансташтыруу үчүн өндүрүмсүз, натыйжасыз же керексиз активдерди сатуу, ошондой эле ашыкча чыгымдарды азайтуу зарыл", - деген Гильермо Лассо.

Белгилей кетсек, «Legacy EMB-135 BJ» учагы Эквадор бийлиги тарабынан 2008-жылы 28 миллион долларга сатып алынган. Учакта үч кабина жана ашкана бар. Учак 14 жүргүнчүнү батыра алат.

Эске салсак, буга чейин Румыниянын мурдагы президенти Николае Чаушескунун жеке учагы 120 миң еврого (12 миллион сомдон ашык) бааланган. Чаушеску 1986-1989-жылдардагы расмий каттамдарда «Rombac 1-11» моделин колдонгон. Лайнер Ромавия мамлекеттик авиация кызматы тарабынан аукционго коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: