super.kg logo

"39 миң долларын алган". Ошто 24 жаштагы келин жарандарды ири суммадагы акчага алдап кеткен деп шектелүүдө

 

Ош шаарында жарандарды ири өлчөмдөгү суммага алдап кетти деген шек менен 1997-жылы туулган келин кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү М.А. өзүн Ош шаарындагы "Алтын-Темир" жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары (текшерүүдө мындай коом таптакыр жок болуп чыккан) тааныштырып, жарандардан ири суммадагы акча каражаттарын алып, ай сайын ал акча көбөйүп турарын убадалап, бирок бербей жашырынып жүргөн.

"Бүгүнкү күндө Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө бул келиндин үстүнөн 2 арыз келип түшкөн. Арыздануучулардын биринен 30 миӊ доллар, экинчисинен 39 миӊ долларын алып из жашырган. Андан сырткары жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен көп суммада акча алгандыгы аныкталып жатат. Ага жакындары арыз жазуудан баш тартышкан. Жазылган арыздар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга 28-августта киргизилип, Ош шаардык соту тарабынан 28-сентябрга чейин абакта калтырылган.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү алынган акчаларды "Кыргыз-Каганат" аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгондугун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адам таптакыр болбогондугу аныкталган. Бүгүнкү күндө жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кошумча иликтөө жүргүзүлүүдө. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кимде-ким бул келинден жабыркаган болсо, төмөндөгү 0552-15-25-42, 03222-6-64-04 номерлерине чалууну өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.09.2021. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйраткан иштерман адам болуп папкасын колтугуна асып алганын кара шумшуктун!
02.09.2021. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,пака эмес лапшагон тетрады экен
02.09.2021. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30 мин долларды кантип бироого ишенип бересин? Карангылыктан чыгып бутпой койдук го..
03.09.2021. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jacob.,Ошого менда тан калам да. тааныбаган эмес таанышына азыркы заманда 30 сомду ойлонуп бересин,анан кандай эле тааныбаган эле немеге 39 мин доллар кармата салышат. тооба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: