super.kg logo

"Жашап кетериме ишенишкен эмес". Британиялык жаран 2 жылда 89 килограммга арыктады

 

Улуу Британиянын 48 жаштагы Марк Хендерсон аттуу жараны 89 килограммга арыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, төрт баланын атасы Марк эки жылдан бери жүрөк оорусунан улам ашыкча салмактан жабыркап келген. Анын эң жогорку салмагы 216 килограммга чейин жеткен. Андан сырткары аритмия (жүрөк ритминин бузулушу), веналык жетишсиздик, уйку апноэ синдрому, кант диабети жана тери оорулары сыяктуу өнөкөт ооруларына чалдыгып келген. Ал эми ак халатчандар Марктын ден соолугу бул ооруларга туруштук бере албайт деп анын жашап кетерине ишенишкен эмес. Ошол себептүү Марк Хендерсон өсүмдүк диетасына өтүп, өз ден соолугуна кам көрө баштаган.

“Эми дарыгерлерге үзгүлтүксүз барып, дары-дармектерди алуунун кажети жок. Мен жашоо образымды өзгөртүү үчүн жашылча тамактарына өтүп, ооруларды жеңип чыктым”, - деп билдирген ал.

Ошондой эле Марк Хендерсон үй-бүлөсү менен биргеликте “ YouTube” , “Instagram” жана “Facebook" социалдык тармактарында туура тамактануу эрежелери боюнча кызыктуу блогдорду чыгарып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: