Интернетте талкууга алынган жаш балбан кыз бүгүн Айсулуу Тыныбекова менен байланышат



Интернет айдыңында талкууга алынып жаткан жаш балбан кыз бүгүн, 2-сентябрь күнү Айсулуу Тыныбекова менен байланышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына балбан кыздын апасы Зарина Миршакирова билдирди.
"Биздин үч кыз, бир уулубуз бар. Күрөшкөн кызым Жасмин экинчиси. Ал күрөшкө 7 жашынан баштап катыша баштаган. Жасмин учурда 9 жашта. Талкууга алынган видео 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чарада Кочкор-Атада тартылган. Кызым ошол жактан күрөшкөн.
Айсулуу Тыныбекова менен бүгүн саат 18:00дө байланышабыз. Буюрса, бүгүн кечинде же эртең кызым болуп шаарга барабыз", - деди Зарина Миршакирова.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жаш балбан кызга багыт көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экенин билдиргени кабарланган.
Айсулуу тыныбекова жаш балбан кызга жардам берүүгө даяр экенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Topcubai

02.09.2021. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Келечектеги Олимпиада чемпиону.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.