Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү борбордон батир берилет
Буга чейин социалдык тармакта 2020-жылы 5-октябрдагы баш аламандыкта каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө үй берилбей келгени талкуу болуп жаткан.
Президенттин администрациясынан бул боюнча төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү Бишкек шаарынан батир бөлүнүп берилет. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бул маселе боюнча тапшырманы октябрь-ноябрь айларында эле берген. Бирок борбордун айрым чиновниктеринин жоопкерчиликсиздигинин айынан бул маселе чечилбей калган.
Аталган маселе президенттин жеке көзөмөлүндө жана өз убагында чечилет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Үмүтбек Алтынбек уулу 5-октябрдан 6-октябрга караган түнкү митингге чыккандар менен укук коргоо органдарынын кагылышуусунда колдонулган жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып каза тапкан. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси болгон. Үмүтбектин кыялы, окуучулук күндөрдөгү табылгалары тууралуу шилтемени басып кирүү менен окуй аласыз.
"Ала-Тоо" аянтында өткөн нааразычылык митингинде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө Ош шаарынан батир берилгени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















