super.kg logo

Түштүк Африкада улгайган адам кейпиндеги ымыркай төрөлдү

 

Түштүк Африкада улгайган адамдын кейпинде ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ымыркайдын энеси 20 жашта, ал баланы үйүндө төрөгөн. Алгач бетин бырыш баскан ымыркайынын кары аялга окшоп турганын көргөн апасы бул көрүнүшкө таң калып, нес абалында болгон. Бирок бара-бара бул нерсеге көнүп кеткенин айткан.

Кийин 20 жаштагы эне ымыркайы менен ооруканага жаткырылган.

Ал эми доктурлар баланын мындай абалда төрөлүшүн адамдарда өтө сейрек кездешкен Гетчинсон-Гилфорд (прогерия) синдрому менен байланыштуу экенин билдиришкен. Тубаса прогерия оорусуна чалдыккан наристелер дал ушундай улгайган адам кейпинде төрөлөрүн кошумчалашкан.

Белгилей кетсек, прогерия организмдеги генетикалык бузулууга алып келген оорунун түрү. Бул синдромго чалдыккан ымыркайлардын сырткы кебетесинде өтө тез картаюу байкалат. Ошондой эле бул нерсе ички органдарга да таасирин тийгизет.

Аталган синдром ошол эле учурда өлүмгө себеп болуучу оору болуп да саналат. Бул оору менен төрөлгөн балдардын орточо жашоо мөөнөтү 14-15 гана жыл болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
03.09.2021. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба кылдым.
03.09.2021. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аялдардын жашоо турмушу оор болгон олколордо ушундай майып балдар коп торолот.
03.09.2021. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул поогерия оорусу..
"Загадочная история Бенжамина Баттона" деген кинону корсонор,ребёнок с лицом старика торолот,кызыктуу фильм,Бред Пит башкы рольдо.
04.09.2021. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777,т.е прогерия
03.09.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Маймылга эле окшош экен.мумкун маймылдар зордуктап койгондур
bond0202 түзөттү 2021-09-03 15:55:46
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: