Кыргызстанда коррупция беренеси боюнча 15 жылда укук коргоо органдарына карата 47 кылмыш иши козголгон

Кыргызстанда 1998-жылдан 2013-жылга чейин укук коргоо органдарына карата коррупция беренеси боюнча 47 кылмыш иши козголду. Муну Коргоо кеңешинин 4-ноябрдагы жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Алардын ичинен прокуратура органы боюнча 41, Ички иштер министрлиги боюнча 4 жана Финансылык полиция мамлекеттик кызматы боюнча 2 иш козголгон.
Айта кетсек, кеңештин жыйынында “КРнын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана бийлик органдарында саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар тууралуу” маселе каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

