super.kg logo

Ооганстан: "Талибан" кыймылынын командирлеринин бири согушкерлери менен кошо өкмөттүк күчтөргө кошулганы айтылды

 

"Талибан" кыймылынын командирлеринин бири 410 согушкери менен кошо Панжшер провинциясында жайгашкан Каршылык көрсөтүү фронтуна кошулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мавлави Гафар аттуу командир жана анын 410 жоокери Панжшер провинциясындагы өкмөттүк күчтөргө өтүп кетти деп болжолдонууда. Алардын баары Бадахшан провинциясында жашаган тажик улутундагы адамдар.

Мындан тышкары талибдер Панжшер провинциясынын бир катар райондорундагы көзөмөлүн жоготушкан. Алар Каран-о-Манжан аймагында 50-60тай жоготууга учурашкан.

Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болуп саналат. Учурда бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда катуу салгылашуу уланууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
03.09.2021. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Рахмон жардам берет, ал жерде тажиктер жашайт
03.09.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ашынган динчил талибтериң шарият, динди кое туруп, биринчи кезекте аялдардын, жаш балдардын, элдин жашоо көйгөйун чечип беришпейби. Колдорунан бок да келбейт талибтердин, чечип бере алышпайт. Чечкенге динчил, сабатсыз талибтердин билими да жетпейт. А бирок күчкө салып, мажбурлап аялдардын башына хиджаб ороп, тумчулап салууга билими да, күчү да жетет экен бул ашынган фанаттардын. Адам болбой силер кууруп кеткиле жапайы талибтер.
03.09.2021. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayzhan12,барып ошо талибтерге айтып келбейсинби ушинткиле деп))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: