super.kg logo

"Текебердик эмес". Кремль Владимир Путиндин катасын оңдогон мектеп окуучусу боюнча үн катты

 

Ачык сабак учурунда Орусия президенти Владимир Путиндин катасын оңдогон мектеп окуучусу боюнча президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирүү таратты. Анда ал окуучунун мамилесин сындоонун эч кандай кажети жок экендигин айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз мындай билимдүү окуучуну эч ким мектептен чыгарып салбайт деп ишенебиз. Кремль баланы "текебер" деп атаган директордун пикири менен макул эмес. Окуучунун мамилесинде эч кандай текебердик жок.

Президент Владимир Путин тарыхый фактыларга өтө аяр мамиле кылат. Эгер кимдир-бирөө туура өзгөртүүлөрдү киргизсе ал ар дайым угууга даяр. Окуучу азамат", - деп билдирген Песков.

Эске салсак, кечээ, 1-сентябрда Владимир Путин Владивосток шаарындагы "Океан" балдар борборунда окуучулардын ачык сабагына катышып, алар менен баарлашкан. Ачык сабакты Орусиянын телеканалдарынын бири түз алып көрсөткөн.

Маектешүү учурунда президент окуучуларга 18-кылымдын башында Петр I Швецияга каршы жүргүзгөн согуш тууралуу айтып берип жатып, ал салгылашты "Жети жылдык согуш" деп атаган.

Ошол учурда окуучулардын бири колун көтөрүп сөз сураган жана президенттин согуштун аталышын жаңылыш айтканын билдирген.

"Негизи бул "Жети жылдык согуш" деп аталган эмес. Бул кадимки "Түндүк салгылашы". Ал 1700-жылдан 1721-жылга чейин созулган", - деп айткан окуучу.

Ал эми өлкө башчысы буга "Ооба, албетте, бул "Түндүк согушу". Түзөтүү үчүн чоң рахмат", - деп жооп берген.

Бул окуядан соң окуучу билим алган гимназиянын директору баланын президентке жасаган мындай мамилесин текебердик деп атаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: