super.kg logo
  Спорт  

"Кызым Айсулуу Тыныбекова менен сүйлөшкөндө ыйлап жиберди" дейт жаш балбан кыздын апасы

 

Интернет айдыңында талкууга алынып жаткан жаш балбан кыз кечээ, 2-сентябрь күнү Айсулуу Тыныбекова менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына балбан кыздын апасы Зарина Миршакирова билдирди.

"Кечээ Айсулуу Тыныбекова менен байланыштык, буюрса, жолукмай болдук. Ал Таласка келет же Бишкекке чакыртып сөзсүз жолугарын айтты. Биз аябай кубандык. Айсулуу кызыма: "Баары алдыда, мен дагы ошол ыкманы жасап жеңишке жеткем. Аракетиң жакшы экен. Ушул жазганыңан тайба" деп жакшы сөздөрүн айтты.

Кызым Айсулуу Тыныбекова менен сүйлөшкөндө толкунданып, ыйлап жиберди. Ал Айсулуу менен жолугуп сүйлөшкүсү келип жатат. Азыр Айсулуу Тыныбекова Ысык-Көлдө экен. Бирок сөзсүз жолугам деди", - деп билдирди Зарина Миршакирова.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жаш балбан кызга багыт көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экенин билдиргени кабарланган.


кошулду





Айсулуу тыныбекова жаш балбан кызга жардам берүүгө даяр экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(2)
03.09.2021. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат экен оркуну оссун. Дагы чоон жетишкендиктерге жетсин.
03.09.2021. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың балбан кыз. Эч качан жетишилген жеңиштерге токтолбо. Ийгиликти ишеним менен күтүп, күн сайын жаңы стимул, ийгиликке карай жаңы жолду жана жаңы кыялды табууну каалайм. Сага чың ден соолук, жашоонун бардык жакшылыктары жана сүйүүак болсун сага!

Кыргыз элинин батасы сени колдоп, бийиктике жет. Сендей балбан кыздарды элибиздин батасы дайыма колдойт.
ayzhan12 түзөттү 2021-09-03 22:51:45
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: