super.kg logo

Дүкөндө чыр салган кишиге милиция чакыртылып, аны милиция бөлүмүнө алып барышканда каза болуп калды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы милиция бөлүмүндө эркек киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 23:10 чамасында Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан милиция бөлүмүнө 45-50 жаштагы эркек киши өз ажалы менен каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Бул маалымат боюнча Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жансыз денеге кароо жүргүзүшкөн. Териштирүүдө маркум айылдагы соода-сатык дүкөндөрүнүн бирине мас абалда барып, ызы-чуу салгандыгына байланыштуу дүкөн ээси милиция чакырткан. Милиция кызматкерлери келип, мас адамды аймактык милициянын бөлүмүнө алып келишкен. Ал ошол учурда өзүн жаман сезип жаткандыгын айтып, суу сурап ичкен. Андан соң милиция кызматкери "Тез жардам" кызматын чакыртып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп жатканда белгисиз себептерден улам каза болуп калган.

Каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жансыз денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинен жарааттар байкалган эмес. Анын аты-жөнү аныкталып, ал Базар-Коргон районунун 1973-жылы туулган Т.Р. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүп берилген", - деп жазылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
03.09.2021. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ургансыңар да...... Кыйнабай суу же 100 гр берип койсоңор боло
03.09.2021. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Милиция уруду анан өлүп калды да
03.09.2021. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Kuban-1207,атандын коту
04.09.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bak.taalai,Так сенин атандын көтү
04.09.2021. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bak.taalai,
03.09.2021. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Токмоктон олсо керек...
03.09.2021. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Азыркы заманда чорныйдан коро милиция коркунучтуу
03.09.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жон олбойт,милиция себеп болсо керек
03.09.2021. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Dembele84,ажалы жетсе олот да
03.09.2021. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ким билет бир эки жолу ичке өзгөртө койгондо мас эме кете берди да, милиция бандиттерден да коркунучтуу
03.09.2021. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул ментерин өлүп кетсе да мойнуна алышпайт. Өткөндө деле айдоочуга күнөө коюп коюшту эле камерадан анык жүзү билинип калды го. Ошондой камера болгондо ачыгы билинет эле
04.09.2021. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Как будто суу сураса эле суу куюп бергидейгоо, тообо бир оздору билет эмне кылгандарын. "Милиция м больницадан сактасын"дешет да ошого
04.09.2021. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллахым бейишин берсин.бешенесине ошол ажал жазылган.айланайындар милиция андай мындай деп сүйлөй бербегилечи.бизди ушул милиция коргоп жатпайбы.мисалы тынч жаткан үйүнө бирөө кирип талкаласа сразу ушулар келет жардамга.булар башка планетадан келген жок өзүбүздүн балдарго .бири аган бири иниң бири кошунан бири досун дегендей.бири бирибизди сыйлаганды уйронолучу.биздин бийлик алсыз болуп жатат бийлик күчтүү болгондо милиция докдур сот прокрорун баары таза адилеттүү болот эле.
04.09.2021. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана Аллах билет эмне себептен каза болгонун. Билбей туруп бирөөсүн каралап экинчисин актабайлы. Жооп беришибиз да бар.
Балким жүрөгү спиртти көтөрө албай калгандыр, балким каны катып калгандыр.
Балким милиция ургандыр же технический спирт берип салгандыр. Кудай билет. Эмнеси болсо да, Алла Таала кечирүүчү зат. Кечире көрсүн маркумду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: