super.kg logo

Эки жумушчунун өлүмүнөн кийин. Кытайда ашыкча иш убактысына тыюу салынды

 

Кытай бийлиги компанияларга ашыкча «996» аталыштыгы (9:00дөн 21:00гө чейин, аптасына алты күн) иш убактысына тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын эмгек мыйзамы боюнча стандарттык жумуш күнү 8 саат, аптасына эң көп 44 саатты түзөт. Ал эми кошумча ашыкча иштөө өзүнчө төлөнүшү керек. Бирок өлкөдөгү эң ири компанияларда, айрыкча гүлдөп жаткан технология секторунда кызматкерлер көбүнчө ашыкча «996» (09:00дөн 21:00гө чейин, аптасына алты күн) иш убактысы боюнча иштешет.

Коомчулуктун нааразычылыгы күчөгөндүктөн, Кытай бийлигине бул кырдаалдарга көз жумуу кыйынга турган.

"Бурулуш жасоо учуру келди. Жумушчулардын укуктарынын бузулушун кыскартууга мүмкүнчүлүк жаралды. Өзгөчө эки жумушчунун өлүмүнөн кийин", - деген Гонконг политехникалык университетинин социология илимдеринин доктору Женни Чан.

Белгилей кетсек, 2021-жылы «Pinduoduo» онлайн-платформасынын эки кызматкери каза болгон. Биринчиси, жаш кызматкер узак убакыт иштеген соң үйүнө бара жатып каза болсо, ал эми экинчиси өзүнө кол салган.

Кытайдын Жогорку Соту өлкөнүн Эмгек министрлиги менен биргеликте жарыялаган билдирүүдө эмгек талаш-тартыштарына байланыштуу он сот чечими каралган. Анда бардык соттук иштерде өкүм жумушчулардын пайдасына чечилген.

2021-жылдын августунда Кытайдын Жогорку Соту аптасына алты күндүк жумуш менен 12 сааттык иш убактысын колдонгон ири компаниялардын ишин карады. Ошондой эле сот мындай режимди мыйзамсыз деп атап, жумушчулар эс алууга укуктуу экенин жана 8 сааттык иш убактысында мыйзамды сактоого чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: