super.kg logo

"Кызым бир айдан кийин төрөйт, эмне кыларымды билбейм". Таласта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата табыла элек

 

Таласта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата дагы деле табыла элек. Бул тууралуу кыздын апасы SUPER.KG порталына билдирди.

"Жолдошум качып жүргөнүнө 2 айдан ашык убакыт болду. Милиция кызматкерлери таба албай жатышабы же атайылап колго түшүрбөй жатышабы билбейм. Күйөөм айылда эле жүрөт деген имиштерди угуп жатам. Ал эми анын үлүш жерин бир туугандары өздөрүнө каттатып жатышат. Зордукталган өспүрүм кызым бир айдан кийин төрөйт. Азыркы тапта эмне кыларымды билбей жатам", - дейт жабырлануучунун апасы.

Окуянын чоо-жайы:

22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБинин 102 кызматына Чымгент айылынын 35 жаштагы тургуну чалып, 2005-жылы туулган кызын 50 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп, боюнда болуп калганын билдирген.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өгөй атасы качып кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милиция бөлүмүнө барбай, милицияга 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене ("зордуктоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.09.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмне деген заман болуп баратат
03.09.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кармашбайбы? Байкуш кыздын тагдырын бузуптур
03.09.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
35 жаштагы келин 50 жаштагы чалга тийгенби?
04.09.2021. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pankration_MMA,барып сурап кел өзүнөн
04.09.2021. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нең дурайын эшектерга катуу чара көрүү керек. Ташбараң кылуу сыяктуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: